• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча эки кишиге айып тагылды

13 Жетинин айы 2018 18:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.11.2018. Govori.TV
Уланбек Эгизбаевдин өлүмү фактысы боюнча пансионаттын жетекчилерине козголгон кылмыш иликтөө иши аягына чыкты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын улук инспектору Эрнис Осмонбаев билдирди.
Маалыматка ылайык: Улан Эгизбаев өлгөн пансионаттын эки жетекчисине Кылмыш кодексинин 258 беренеси «Коопсуздук талабына жооп бербеген товарды өндүрүү, сатуу же кызмат көрсөтүү» боюнча айып тагылган.
Бирок кылмыш иштин материалдары, прокуратура текшергенден кийин гана сотко келип түшөт. Кылмыш иши эки томдон турат.
Журналист Уланбек Эгизбаев каза болгон кайгылуу окуя болоордон 10 күн мурда,  ӨКМ кызматкерлери пансионатты текшеришип, коопсуздук эрежелеринин бузулгандыгын аныкташкан.
“Пансионаттын жетекчилигине 10 күндүн ичинде кемчиликтерди оңдоого убакыт берилген, бирок алар кемчиликтерди оңдогон эмес. Ошол жагдайдын  эң акыркы күнүндө Улан Эгизбаев сууга чөгүп каза болгон”,-дейт Осмонбаев.
Эскерте кетсек, маркум журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатынын аймагынан сууга чөгүп кеткен.
Количество просмотров: 28