• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Уланбек Усеков Билим берүү министринин милдетин аткаруучу болду

7 Аяк оона 2023 14:21 Бишкек Govori.TV

Уланбек Усеков КР билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри белгиленген тартипте дайындалганга чейин билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Усеков Уланбек Абдилазизовичке билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.

Количество просмотров: 776