• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Уланбек Усеков Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды

24 Үчтүн айы 2023 15:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-январда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Уланбек Усековду министрликтин жалпы жамаатына тааныштырды.

“Алдыңызда турган жоопкерчиликтүү милдетти так аткарып, элибизге татыктуу кызмат өтөйсүз деген ишеничтебиз. Билим берүү тармагы — эбегейсиз чоң система. Эмгек жамаат менен мыкты жумуш алып барып, тармактын алдыга жылышына, буга чейинки жүргүзүлүп жаткан, аягына чыкпай калган жумуштарды аягына чыгарасыз деген үмүттөбүз”, — деди Байсалов.

Белгилей кетсек, мурдагы биринчи орун басар Талантбек Бекташов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген ордунан Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругуна ылайык бошотулду.

Количество просмотров: 184