• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Улугбек Ормонов: «Бир айылдын суусун 12 жылда курабызбы?»

25 Чын куран 2023 12:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-апрелдеги Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынында, Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан,

«Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат» берилди.

Жыйында депутат Улугбек Ормонов Өзгөн районундагы Бостон айылында таза суу такыр болгон эместигине токтолуп, бул жаатта аткарылып жаткан иштердин кечеңдеп жатканын сынга алды.

Анын айтымында таза суу менен камсыз кылуу курулгандан кийин 20 жыл кызмат кылышы керек. Куруу үчүн 12 жыл сарпталып, бүтпөй жатып гаранты бүтүп калганын белгиледи.

Количество просмотров: 56