Беткапсыз жүргөндөргө айып пул салынат деп жатабыз, дарыканаларда бет кап жок болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн депутат Улугбек Ормонов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Беткапсыз жүргөндөргө айып пул салабыз деп жатасыздар. Дарыканаларда бет кап жок. Биринчи ошол маселени чечип албайсыңарбы. Дарыканаларды беткап менен камсыз кылгыла», — деди депутат.