15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, Кыргызстандагы «Керемет Банкка» санкция салганы белгилүү болду.
Кошмо Штаттардын Каржы министрлигине караштуу башкармалыктын билдирүүсүндө белгиленгендей, «2024-жылдын жайынан бери Кыргызстандагы «Керемет Банктын» расмийлери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын «кара тизмесиндеги» «Промсвязьбанк» менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турган».
Вашинтондун санкциясы тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы комментарий берип, 16-январда расмий билдирүү таратты.
«Бүгүнкү күндө банк сектору туруктуу, тышкы мүнөздөгү ар кандай тобокелдиктерге туруштук бере ала турган жетиштүү капиталга жана ликвиддүүлүккө ээ. Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатышат жана кардарларга үзгүлтүксүз негизде банктык кызматтарды көрсөтүүдө. Ички валюта рыногундагы жагдай туруктуу. Кыргыз Республикасынын банк системасына санкциялардын терс таасирлерин азайтуу жана өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк системасынын туруктуулугун сактоо жана кредиторлор менен аманатчылардын кызыкчылыгын коргоо үчүн кошумча чараларды көрөт, ошондой эле кошумча инструменттерди колдонууга даяр», — деп жазылат билдирүүдө.