• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Улуттук банк «Асман Банкына» лицензия берди

6 Бирдин айы 202616:55 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк «Асман Банк» жабык акционердик коомуна банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берди.

Улуттук банктан билдиришкендей, тиешелүү чечим жөнгө салуучу органдын башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 4-февралында кабыл алынган. Документ «Асман Банкка» улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды ишке ашыруу укугун берет.

Улуттук банк лицензия мыйзамда белгиленген тартипте берилгенин белгиледи.

Количество просмотров: 153