• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Улуттук банк өлкөнүн ички рыногунда алтын куймаларын сата баштады

1 Бирдин айы 2022 11:21 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 1-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын ички рыногунда аффинаждалган алтын куймаларын сата баштайт. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында жащылат.

Маалыматта айтылгандай, аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки салмакта даярдалган, куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99,95 пайыз химиялык таза металл түзөт.

Аффинаждалган алтын куйманын сатуу баасы Улуттук банк тарабынан ар бир аффинаждалган алтын куймага өзүнчө белгиленет жана ал күнүмдүк негизде Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланып турат.

Улуттук банк аффинаждалган алтын куймаларын кайра сатып албайт.

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (алтын өндүрүү жана иштеп чыгуу ишканаларын эске албаганда) аффинаждалган алтын куймаларын сатуу, акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине которуу аркылуу Улуттук банктын борбордук жүгүртүү касса тобу тарабынан нак эмес формада ишке ашырылат.

Аффинаждалган куймалар даярдап чыгарган заводдун аффинаждалган алтын куйманын сандык-сапаттык көрсөткүчтөрүн тастыктаган сертификатын жана аффинаждалган алтын куймаларын сатуу жөнүндө квитанцияны милдеттүү түрдө тиркөө менен сатылат.

Улуттук банк тарабынан аффинаждалган алтын куймаларын сатуу шарттары жөнүндө толук маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Кызмат көрсөтүүлөр» бөлүмүнүн «Аффинаждалган алтын куймалары» бөлүкчөсүндө жайгаштырылган.

Количество просмотров: 141