• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Улуттук банктын төрагасы кызматтан кетет

24 Кулжа 202410:45 Бишкек Govori.TV

Кубанычбек Бөкөнтаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук банктын төрагасы кызматынан кетет. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Бөкөнтаев бул кызматты 2021-жылдын сентябрынан бери аркалап келген.

Кубанычбек Бөкөнтаев 1992-жылы эмгек жолун Улуттук банктын Валюталык башкармалыгында экономист кызматынан баштаган. 1998-2002-жылдары коммерциялык банктарда иштеген.

Количество просмотров: 147