• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук филармония оңдоо иштери үчүн убактылуу жабылат

28 Үчтүн айы 201917:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV

Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясы оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу бүгүн, Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин отурумунда маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, 25-апрелде филармонияда Улуттук салттуу музыканын күнүнө карата гала-концерт уюштурулмак.

«Гала-концерт драма театрда өтөт. Анткени филармония ШКУнун саммитине карата даярдык иштерине байланыштуу оңдоо үчүн жабылат», — деп билдирди Кайрат Иманалиев.

Количество просмотров: 62