• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук госпиталдан дарыланып чыккан кишиден COVID-19 табылды

26 Бугу 202013:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдан дарыланып чыккан эркек кишиден коронавриус табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жазды.

Маалыматка караганда, медкызматкерлер жана аны менен байланышта болгон бардык бейтаптар анализ тапшырып, учурда жыйынтыгы күтүлүүдө.

«Ал өз каалоосу менен анализ тапшырып, жыйынтыгы вируска кабылганын көрсөткөн. Бейтап Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткырылды»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1468 адамга жетти.

Количество просмотров: 172