• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери алмашты

10 Тогуздун айы 202310:34 Бишкек Govori.TV

Бакыт Төлөгөнов Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Govori.TVга Төлөгөнов өзү тастыктады.

Маалыматка ылайык, 4-октябрда буйрук чыккан.

Белгилей кетсек, Улуттук госпиталда бир айдын ичинде үч жолу жетекчи алмашты.

Эске салсак, 22-сентябрда коррупциялык схемаларды түзүүгө шектелген Токтобай Маанаев кайра Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болгону кабарланган. Кийин Саламаттык сактоо министринин 22-сентябрындагы  Токтобай Маанаевди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кылып дайындоо буйругуна өзгөртүүлөр киргизилип, Улукбек Кулукеев дайындалган.

Количество просмотров: 381