• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Улуттук госпиталдын дарыгерлер тобу Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтөт

8 Бирдин айы 2024 12:52 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталга барып, уролог дарыгерлер менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда органдарды трансплантациялоону өнүктүрүү боюнча буйругун аткаруу максатында Улуттук госпиталдын 8 дарыгеринен турган бригада түзүлүп, алар эртең Түркиядагы алдыңкы органдарды трансплантациялоочу клиникалардын биринде окуп келүү үчүн учуп кетишет. Биринчи этапта 4 уролог, бир айдан кийин дагы 4 дарыгер жөнөтүлөт.

Жыйында министр Саламаттык сактоо министрлигинде координациялык кеңешме болуп, анда президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы туугандык донорлордон бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча буйругун ишке ашыруу маселеси талкууланын билдирди. «Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин даярдалган адистер бар. Бул команда окутуудан кийин кыргыз-түрк достугу ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасайт. Андыктан силерге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Окууңарга ийгилик каалайм”, — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Количество просмотров: 124