• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Улуттук гвардиянын 2 аскери зордуктоого шектелип кармалды

12 Аяк оона 2022 16:59 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кызды зордуктады деген шек менен Улуттук гвардиянын кызмат өтөп жаткан эки аскери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Кылмыш ишин Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы иликтеп жатканы кабарланган.

Белгилүү болгондой, аскер кызматкерлерине КР Кылмыш-жаза кодексинин «Зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Эки шектүү тең гауптвахтага киргизилген.

Кошумчалангандай, шектүүлөр А.У. жана Т.А. баш коргоо чарасын көрүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жеткирилет.

Эске салсак, буга чейин милицияга кыз арыз менен кайрылып, ал аны зордуктагандарга чара көрүүнү суранган. Кылмышка шектүүлөр аскерлер экени айтылган. Милиция бул фактыны каттоого алып, материалдарды Аскердик прокуратурага өткөрүп берген.

Количество просмотров: 319