• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Мугалим окуучу кызды зордуктаган деген айып менен камалды

20 Чын куран 202614:53 Бишкек Govori.TV

Токмок шаардагы орто мектептердин биринде 13 жаштагы окуучу кыз зордукталганы, кылмышка мектептин 21 жаштагы мугалими шектелип жатканы кабарланган.

Чүй милициясынын маалыматына ылайык, бул маалымат каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси («Зордуктоо») менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү кармалып, Токмок шаардык сотунун чиечими менен эки айга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 175