• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчисинин айлыгы 100 миң сом

25 Тогуздун айы 2018 18:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.10.2018.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров компания жетекчисинин айлыгы канча экенине кызыкты.
Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Азамат Абдыкадыров бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
«Менин айлыгым 80-90 миң сом, сентябрь айына алган айлыгым 100 миң сом болду”, — деди Абдыкадыров.
Депутат Зиядин Жамалдинов Азамат Абдыкадыров эки башка жоопту айтып жатканын билдирди.
“Мен буга чейин айлыгын сурасам 40 миң сом деди эле, азыр сураса 80 миң сом деп, кайра сураса 100 миң сом деди. Мындай жетекчинин кызматтык жоопкерчилигин караш керек”, -деди Жамалдинов.
Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Азамат Абдыкадыров 30 жылдан бери ушул тармакта иштеп келе жатканын, ар бир тыйын үчүн жооп бере аларын айтты.
Ошол эле мезгилде Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов 42 миң сом айлык аларын айтты.

Количество просмотров: 27