• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Улуттук кураманын жарым коргоочусу Шүкүров Европа кубогунда дебют жасайт

11 Теке 2023 8:55 Бишкек Govori.TV

Улуттук кураманын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүровдун беларусиялык «Неман» командасы УЕФАнын Конференция дигасында ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирет.

«Неман» квалификациянын биринчи раундунан баштап, 14 жана 20-июлда «Вадуцага» (Лихтейнштейн) каршы эки беттеш өткөрөт.

Еврокубокто ойногон кыргызстандыктар:

•Эмил Кенжисариев «Актобенин» курамында — Европа Лигасынын тандоо раунду, Чемпиондор Лигасынын тандоо раунду (2007-2014);

•Антон Землянухин «Актобенин» курамында — Европа Лигасынын тандоо раунду (2012/2013);

•Азамат Байматов «Вентспилстин» курамында — Чемпиондор Лигасынын тандоо раунду (2009/2010);

•Клод Мака Кум «Дачия» Европа Лигасынын тандоо раунду (2010/2011);

•Антон Коченков «Локомотивдин» курамында — ​​1/8 Европа Лигасы (2017/2018), Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычы (2019/2020);

•Гүлжигит Алыкулов «Кайраттын» курамында — Европа Лигасынын тандоо раунду (2020-2022), Чемпиондор Лигасынын тандоо раунду (2021/2022), Конференция Лигасынын тайпалык баскычы (2021/2022), Конференция Лигасынын тандоо раунду (2021-2023).

Количество просмотров: 63