• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Улуттук лабораториялык кызмат түзүү пландалууда

13 Бирдин айы 202612:44 Бишкек Govori.TV

Каныбек Досмамбетов Улуттук лабораториялык кызматты түзүү жана медициналык калдыктарды башкаруу тутумун өркүндөтүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жыйында калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында лабораториялык диагностиканын бирдиктүү жана туруктуу моделин түзүү талкууланды. Жаңы система мамлекеттик жана жеке секторлор үчүн бирдей талаптарды киргизүүнү карайт.

Ошондой эле эл аралык сапат стандарттарын киргизүү, санариптик мониторингди күчөтүү жана лабораториялык мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, медициналык калдыктарды башкарууну жакшыртуу жана заманбап утилдештирүү технологияларын киргизүү сунушталды.

Министр бул багыттар калктын саламаттыгын коргоодо маанилүү роль ойной турганын белгилеп, тиешелүү бөлүмдөргө коюлган милдеттерди этап-этабы менен ишке ашырууну тапшырды.

Количество просмотров: 191