• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Улуттук онкология борборуна коронавирус кантип тараган? Министрликтин жообу

22 Бугу 2020 11:21 Бишкек Govori.TV

Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө 14 киши коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу чыгып, ал жерде обсервация уюштурулду.

«28-апрелден 4-майга чейин Улуттук онкология жана гематология борборунда бир жаран өзүнүн небереси менен келип, дарыланып кеткен. 11-майдан бери ал жаранда оорунун белгилери байкалып, жергиликтүү медицина мекемелерине кайрылган. Мындан кийин онкология борборунда эпидемияга каршы иш-чаралар уюштурулуп, 120 кыматкер текшерилип, 14 жаранда коронавирус табылган. Алардын арасында аталган борбордун кызматкери, дарыгер жана бейтап-балдар болгон. Учурда 1-кабатта атайын стационар ачылып, коронавирусту жана бейтаптардын негизги оорусун дарылоо иштери жүрүүдө», — дейт ал.

Количество просмотров: 119