• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Улуттук онкологиялык борбордун курулушунда да коррупция барбы?

28 Бугу 2018 17:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.05.2018. Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун (УОГБ) балдардын онкогематология корпусунун курулушу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Анда өкмөт башчы аталган корпустун курулушу токтотулаары тууралуу ММКдагы маалыматтар жалган экендигин, ал курулуш аягына чыгарылаарын айтып, бирок, буга чейинки өкмөттүн жетекчилери бул курулушту баштоодо көп катачылыктарды кетиргенин айтты.

“Бекитилген долбоорсуз онкогематология жаңы корпусунун курулушу – бул кылмыштык шалаакылык чегиндеги толук түрдөгү жоопкерчиликсиздик. 601,3 млн. сом деген сан кайдан чыкканы тууралуу суроого, эгерде долбоор жок болсо, так жооп жок. Мунун баарын дыкат карап, тактап чыгуу керек”,- деп белгиледи Өкмөт башчы.

Буга байланыштуу Премьер-министр УОГБ балдардын онкогематология корпусунун мындан аркы курулушу анын жеке көзөмөлүндө болорун ырастады.

Количество просмотров: 17