Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Ленин райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Валентина Андреевна Касатых мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Валентина Андреевна 16 жашында согушка катышкан. Кыска мөөнөттүү даярдоо курстарын аяктагандан кийин, ал өзүнүн полчандары менен бирге өзгөчө маанидеги стратегиялык объектилерди коргоого киришкен. Чалгындоо операциясынын жүрүшүндө ал диверсантты кармаган. Бул аракети үчүн ал «Аскердик кызматы үчүн» медалы менен сыйланган. Бул жылдар аралыгында Жеңиштин юбилейлеринин урматына “Германияны жеңгендиги үчүн”, “Г.К.Жуков” медалдары жана башка сыйлыктар менен сыйланган.
GOVORI.TVнын эмгек жамаатыВалентина Андреевна Касатыхтын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.