• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаев каза болду

4 Бугу 2024 9:45 Бишкек Govori.TV

Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагери Салахидин Токтобаев 99 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркум бүгүн, 3-майда акыркы сапарга узатылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, коштошуу зыйнатына мэриянын, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Ош шаардык ардагерлер биримдигинин, аскер гарнизонунун, Россиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү, ардагердин туугандары жана жакындары катышты.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаев 1925-жылы 10-июнда туулган. Ардагер 18 жаш курагында согушка аттанып, Белорус фронтунан Германияга чейин барып, 958- батольонунда кызмат өтөгөн. Согуштагы каармандыгы үчүн бир катар орден, медалдар менен сыйланган.

Согуш мезгилиндеги жаракатынан улам 2-топтогу майыптык алган. Согуштан кийинки жылдары Ош пахта заводунда пенсия жашына чейин иштеген. Маркумдун артында 4 кызы, 3 уулу, 28 небереси, 52 чебереси жана 2 кыбырасы калды.

Ош шаарынын мэриясы ардагердин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 1 жана оруктун 5 ардагери жашайт.

Количество просмотров: 200