Бүгүн 13-декабрда Бишкекте жылда өткөрүлүүчү кесипкөй журналистика жаатындагы «Умтулуу-2024» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
2024-жылы бардыгы 195 журналисттик эмгек тапшырылган. Алардын 93ү кыргыз тилинде, ал эми 102 журналисттик материал орус тилинде болгон.
«Умтулуу 2024» кесипкөй журналисттер арасындагы сыйлыгы ушуну менен жетинчи жолу тапшырылып жатат. Аны Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү өткөрүп келе келет.