«Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси кызматына Марат Пирназаров дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Марат Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрага орун басары болуп беш жарым жыл иштеген. 2017-жылдын ноябрь айында ошондогу премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган.
Эске салсак, мурдагы директор Алымжан Козубаев Коопсуздук кеңешинин чечиминен соң кызматтан алынган.