• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кызматынан бошотулду

21 Тогуздун айы 2020 12:20 Бишкек Govori.TV

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги алмашты. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Марат Пирназаров берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын сунушу менен Түмөнбаев Турусбек Тогузбаевич директор болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

Количество просмотров: 96