Бишкек шаарында унаа токтотуучу жайларга акы төлөнө тургандыгы коомдук талкууга коюлду. Ал үчүн атайын муниципалдык автотоктотмолор жана унаа токтотуучу жайлар уюштурулмакчы. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Мындай сунуш дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен кабыл алынууга даярдалып жатат. Унаа токтотуучу жайлар үчүн сааттык төлөм киргизилет. Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү унаа токтотуучу жайлардын биринчи сааты 25 сомду түзөт. Андан кийинки сааттар үчүн 40 сомдон 100 сомго чейин төлөнөт.
Эске салсак, учурда борбор калаада 683 миң унаа катталган. Ошондой эле борборго миңдеген унаа өлкөнүн башка аймактарынан кирип, чыгат.
Бул боюнча коомдук талкуу 17-сентябрга чейин болот, андан соң Президенттин администрациясынын кароосуна жиберилет.