• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өзбекстанда автоунаалар орточо 2400 долларга арзандайт

4 Кулжа 2020 16:20 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 3-июнда ички автотранспорттук рынокту өнүктүрүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, 1-августтан тартып тракторлорду, 10 же андан көп киши ташыган моторлуу транспорттук каражаттарды, жеңил автоунааларды ,анын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган фургондорду, жарыш автоунааларын алып кирүүдө акциздик салык жоюлат.

Ушул тапта импорттук жеңил автоунаалардын акциздик салыгы 30% түзөт. Орусия, Казакстан, Украинада өндүрүлгөн автоунааларды алып кирүүдөгү акциз баасы бажы алымынын 2% барабар.

Өзбекстан эркин соода аймагы жөнүндө келишим түзгөн өлкөлөрдөн чыккан автоунааларды алып кирүүдө да жеңилдиктерди берет.

Ушул тапта Өзбекстанга чет өлкөдөн автоунаа алып кирүүдө 15% кошумча нарк салыгын, бажы төлөмүн жана акциз салыгын төлөө керек.

Жергиликтүү авторынокко байкоо жүргүзгөн Autostrada сайтынын талдоосуна ылайык, акциз салыгы жоюлса, импорттук машинелердин баасы кеминде 2400 долларга арзандайт.

Количество просмотров: 547