• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Парага автоунаа алган үч салык кызматкери кармалды (видео)

25 Үчтүн айы 2019 12:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.01.2019. Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси (Э.Т.) жана эки тескөөчүсү (Б.Ч., Р.А.) пара алууга шектелип кармалды.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган кызматкерлер кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкердин ишин бүтүрүү үчүн (А.Т.) андан опузалап пара талап кылышканы аныкталды.

Алар акчаны тургундан эки транш менен берүүнү талап кылышкан, 50 миң сом банк аркылуу тескөөчүлөрдүн биринин атына которулган. Мындан сырткары салык кызматкерлери ишкерден “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автотранспортун талап кылып, кысым жана коркутуудан кийин машине тескөөчүлөрдүн биринин досунун атына өткөрүлүп берилген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын оперативдик видеосу.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (“опузалап акча талап кылуу”) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адамдар бөгөт коюу чарасы каралганга чейин Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 80