• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып салынат

22 Баш оона 2023 12:31 Бишкек Govori.TV

Сентябрдан тарта унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып салынат.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, жакын арада салык төлөбөндөрдү табуу жана айып салуу боюнча иш-чараларды жүргүзүлөт.

«Мыйзамга ылайык, салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат», — деп жазылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салыкты төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом административдик айып салынат. Туум күн сайын салыктын суммасынын 0,09% өлчөмүндө эсептелет.

Салык кызматы административдик жоопкерчиликтен жана туумдарды эсептөөдөн качуу үчүн транспорт каражаттарынын, турак-жайдын жана жер үлүштөрүнүн ээлерин салыктын тиешелүү суммасын өз убагында жана толук төлөөгө чакырат.

Количество просмотров: 94