• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Унаанын ачкычын бербей… Бишкекте мас айдоочу кармалды

20 Үчтүн айы 202617:24 Бишкек Govori.TV

Мас абалында унаа башкарган жана талаптарга баш ийбеген айдоочу кармалды. Бул тууралуу шаардык кайгуу кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, «102» кызматына Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде, «Globus» гипермаркетинин жанында Hyundai Palisade үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында спирттик ичимдик ичип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факт боюнча МККБнын кызматкерлери дароо окуя болгон жерге барышкан.

«Текшерүү учурунда маалымат тастыкталды. Видеокөзөмөл камераларын талдоо маалында айдоочунун унааны мас абалында башкарганы аныкталган.Текшерүү учурунда айдоочу МККБ кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, унаанын ачкычтарын берүүдөн баш тарткан. Ушуга байланыштуу унаа эвакуатор аркылуу айып короого жеткирилди. Айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 238