2025-жылы жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында мамлекеттик органдарда ар кандай мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталып, алар үчүн жооптуу кызматкерлерге чара көрүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов 2025-жыл боюнча отчет берип жатып билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы Эсептөө палатасы тарабынан мамлекеттик органдарда 1 032 жол-жоболук мүнөздөгү мыйзам бузуу аныкталган. Аларды жоюу үчүн аудиттен өткөн мекемелерге 503 жазма буйрук, 306 сунуштама жана 7 сунуш жөнөтүлгөн. Бул документтердин аткарылышы өзгөчө көзөмөлгө алынган.
“Көрүлгөн чаралардын натыйжасында финансылык мыйзам бузууларга жана кызматтык тартиптин сакталбашына жол берген 171 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Мындан тышкары, кызматтык милдеттерин одоно бузган же коюлган талаптарды аткарбаган 14 кызмат адамы ээлеген кызматынан бошотулду”,-деп белгиледи төрага.
Ошондой эле Эсептөө палатасы ички тартипти күчөтүү боюнча да чараларды көргөн. Өткөн жылы мекеменин 3 кызматкерине эскертүү берилип, 30 кызматкерге сөгүш жарыяланган. Ал эми кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында 2 мамлекеттик инспектор кызматынан алынган.