Жыл башынан тартып унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 7 183 айдоочу кармалган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өлкө аймагында унаалардын терезелерин мыйзамсыз караңгылатууга каршы «Караңгылатуу» рейди жүрүп жатат.
Рейд жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, мыйзамсыз көрүнүштөрдүн жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган.
Иш-чаранын жүрүшүндө унааларынын терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочулардын унаалары айып короо жайына токтотулуп, мыйзамга ылайык 20 миң сом өлчөмүндө айып салынууда.