• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Криминал муну эң көп пайдаланат. Акаев унаалардын айнектерин караңгылатууга каршы чыкты

17 Жалган куран 2022 17:50 Бишкек Govori.TV

Автоунаалардын айнектерин караңгылатуу тууралуу мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирген депутат Жанар Акаев унаасынын терезелерин караңгылатууну кимдер колдоно турганын айтты.

«Айылдагы дыйкандар Porter, Audi-100 унааларынын терезесин караңгылатып алып күндөн коргонобу? Бүт акчасы бар, жолтандабастарды минген көпкөн жаш балдар, эсирген адамдар караңгылатып жүргүсү келет. Жол кырсыгынын баарын ошолор кылып жатат. Телефондо сүйлөшөт, эрежелерди каалагандай бузат. Криминал муну эң көп пайдаланат. Криминалдын мен-мен деген кыйындарын көп болсо бир айга камадыңар, ээн-эркин атып кетүү, күнүгө авариялар болуп жатат. Ошону көрүп туруп караңгылатууга кантип уруксат беребиз», — деди Акаев.

Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды. Жана мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 313