• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Унаанын терезесин мыйзамсыз караӊгылаткандарга 22 миӊ сом айып салынат

8 Бугу 2022 9:14 Бишкек Govori.TV

Автоунаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алган жеке жактар үчүн айып пулдун өлчөмү 22 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 40 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы өзгөртүүгө ылайык, унаасынын терезелерин атайын мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлгөн.

«Укук бузуулар кодексинин 194-берененин 3-бөлүмүнө ылайык, автоунааны убактылуу айып короо жайына токтотуу менен жеке жактар 22 миң сом ал эми юридикалык жактар 40 миң сом айып төлөшөт. Андыктан бардык айдоочуларга мыйзамга каршы иш кылбай, жол эрежесин так сактоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 194