Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистан Республикасындагы элчиси Авазбек Атаханов билдирген. Ал Исламабад шаарында эл аралык пакистан туроператорлору менен жолугушуу уюштуруп, анда Кыргызстандын туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңири баяндап берген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Жолугушууга 18 эл аралык туроператорлор катышып, алар Кыргызстанга ишкер сапар менен жана эс алуу үчүн келүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.