Кыргыз адабияты менен журналистикасында өз орду бар акын, котормочу, публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алым Токтомушевдин публицистикалык мурасы өзүнчө китеп болуп жарык көрүүгө багыт алды. Бул демилге — устатка болгон адамдык жана кесиптик таазимдин белгиси, деп “Жолбүгүн” китебинин түзүүчүсү белгилүү журналист Аскер Сакыбаева айтты.
Анын айтымында, Алым Токтомушев көзү өткөндөн кийин анын чыгармаларын жыйнак кылып чыгаруу тууралуу берилген убада убакыттын өтүшү менен ишке ашууда.
Китепти даярдоодо устаттын шакирттери жана кесиптештери чоң колдоо көрсөтүштү.
Алым Токтомушевдин чыгармачылыгынын поэзия, адабият жана котормо багытындагы эмгектери мурда да китеп болуп чыккан. Бирок анын публицистикасы бүгүнкү күнгө чейин өзүнчө жыйнак катары жарык көрө элек болчу. Дал ушул боштукту толтурууну максат кылган «Жолбугун» аттуу жыйнак коомдук ой жүгүртүүнүн баалуу үлгүсү катары сунушталууда.
“Бул китеп — акыркы отуз жылдан ашуун мезгилдеги Кыргызстандын саясий, экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөрүнө сергек акыл менен берилген баа. Ал коомчулук үчүн, айрыкча ой жүгүртүүсү активдүү окурмандар, журналистика факультетинин студенттери жана өлкөнүн эгемендик доорунун баштапкы этаптарын изилдегендер үчүн маанилүү булак боло алат”, — дейт Сакыбаева.