Шайлоодон утулган партиялар бүгүн биргелешкен митингге чыкмакчы.
Акцияны «Ата Мекен», «Бир Бол», «Социал-демократтары» жана «Чоң казат», «Мекен Ынтымагы» колдоору маалым болду. Митинг Бишкектин Ала-Тоо аянтында өтмөкчү.
Шайлоонун жыйынтыгы менен «Замандаш», «Реформа», «Ыйман Нуру» партиялары да шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын тааныбайбыз деген билдирүүлөрү жасашкан.
Акыркы маалымат боюнча 7 пайыздык ирегеден төрт гана партия өттү:
«Биримдик» — 24,53 пайыз;
«Мекеним Кыргызстан» — 23,9 пайыз;
«Кыргызстан» — 8,74 пайыз;
«Бүтүн Кыргызстан» — 7,09 пайыз.