«Узун Улан» каймана аттуу Улан Барчакеев дагы криминалдык макамдан баш тарткпны тууралуу видео соцтармакка жарыяланды.
«Мен Улан Барчакеев бардыгын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузбоого чакырам. Ошол эле учурда кылмыштуу дүйнөдө эч кандай авторитетке ээ эместигимди жана макамым жоктугун тастыктайм. Бийликти колдойм жана мыйзам бузбайм», — деди ал.
Буга чейин «Сакал» каймана аттуу кримтөбөл “мыйзамдагы ууру” макамынан баш тарткан.
Кечээ «Женго» каймана аттуу кримтөбөл эч кандай макамы жок экенин билдирген видео тараган болчу.