Бүгүн 17-декабрда, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде таланттуу сүрөтчү, скульптор, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын маданиятынын отличниги Тамила Маматованын “Жашоо ыргактары” аттуу жеке көргөзмөсү ачылды.
Аземге биринчи айым Айгүл Жапарова, КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, маданият ишмерлери, көркөм өнөр окуу жайларынын студенттери жана искусство күйөрмандары катышты.
Министрдин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова: “Тамила Маматова – өлкөбүздүн сыймыгы. Ал портреттик скульптурага чоң шыктануу жана дем менен кайрылып, поэзия менен көркөм сезимди айкалыштырган чыгармаларды жаратып келет. Анын чыгармалары – бул жөн гана чеберчилик эмес, кыргыз элинин жан дүйнөсүн жана мүнөзүн терең чагылдырат. Өзгөчө анын Чыңгыз Айтматов, Т. Турсунбаева жана Б. Исакова сыяктуу көрүнүктүү инсандардын скульптуралары өзгөчөлүккө ээ», — деди.
Көргөзмө 2025-жылдын 5-январына чейин уланат.