• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

«Спутник V вакцинасын дарыгерлер сатып жатышат» деген маалыматты министрлик төгүндөдү

3 Бугу 2021 12:34 Бишкек Govori.TV

«Спутник V вакцинасын айрым дарыгерлер сатып жатышыптыр» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда өткөн маалымат жыйында Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

«Аталган вакцинанын дарыгерлер тарабынан башка жарандарга акчалай сатылышы мүмкүн эмес. Себеби, келген ар бир доза каттоодон өтүп, компьютердик базага түшүрүлөт. 2-3 күндөн кийин вакцина алган адамдан кабар алынат. Ошондуктан бул жерде «вакцинаны сатып жатышат» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мындай учурлар катталган жок»,-деди ал.

Ал эми Саламаттык сактоо министринин орун басары Ализа Солтонкулова вакцинага байланыштуу маалыматтар катталса, министрликтин колл-борборуна кабарлап коюну кошумчалады.

Эске салсак, кечээ, 22-апрель күнү, Кыргызстанга россиялык «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилди. Анын 15 миң дозасын Кыргызстан сатып алды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө вакцина сатылып жатат деген маалыматтар тараган болчу.

Количество просмотров: 49