• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бекер келген вакцина текке кетти. Жоопкерчилик кимде?

19 Бугу 2021 20:20 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №2 үй-бүлөлүк медицина борборунда муздаткыч өчүп калып, «Спутник V» вакцинасынын миңге чукул дозасы жарактан чыкканы тууралуу Govori.TVга өздүк булактар кабарлады. Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова аталган маалыматты тастыктап, төмөндөгүлөргө токтолду.

Ал эми Бишкектеги №2 үй-бүлөлүк медицина борборуна барганыбызда аталган мекеменин башчысы окуянын чоо-жайына токтолду. Анын айтымында, өчүрүлгөн муздаткычта 994 кишиге жете турган доза болгон. Жарактан чыккан препараттар вакцинанын биринчи компоненти болчу.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова аталган маалыматты жашырууга аракет кылганы менен Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жарабай калган вакциналардын болжолдуу баасы 840 миң сомду түзүп, окуя бир ай мурда болгонун айтты.

Эртеден бери Саламаттык сактоо министрлиги окуя боюнча расмий маалымат тарата элек. Ал эми министр Бейшеналиев жараксыз болуп калган вакцинанын чыгымдарын №2 үй-бүлөлүк медицина борбору көтөрүп калуусу мүмкүн экенин айтты.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстан коронавируска каршы эмдөө алкагында 2 вакцинаны колдонууда. Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жете турганы кабарланган. Кыргызстанда март айынын этегинде башталган коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн биринчи фазасынын алкагында 64 миңден ашуун адам эмделди.

Количество просмотров: 69