• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Вагнердин башчысы Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин артка кайтты

25 Кулжа 2023 10:07 Бишкек Govori.TV

«Вагнер» жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин жалданма аскерлеринин колоннасы Москвага 200 километр жетпей келип токтогонун жана артка кайтканын билдирди.

“Азыр кан төгүлө турган учурга келип калдык. Ошондуктан биз орустун каны төгүлөрүн жоопкерчилик менен түшүнүп, колоннаны артка кайтармай болдук. План боюнча кайра артка, талаа лагерлерине кетебиз ”, — деди ал.

Бул билдирүүдөн аз эле убакыт мурда Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашено орус президенти Владимир Путин менен болгон макулдашуунун алкагында «Вагнер» жеке аскердик түзүмдүн башчысы Евгений Пригожин менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирген. Лукашенконун маалыматында, алар Орусиянын аймагында кан төгүүгө жол бербөөнү макулдашып, Пригожин “вагнерчилердин” куралдуу кыймылын токтотуу жана чыңалууну жөнгө салуу боюнча анын сунушун кабыл алган.

“Ушул тапта үстөл үстүндө абалды жөнгө салуунун эң пайдалуу жана ыңгайлуу варианты «вагнерчилердин» коопсуздугун сактоо кепилдиги менен турат”, — деп жазылган басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин менен жалданма отрядынын «куралдуу козголоңун» токтотуу боюнча келишим болгонун ырастады. Анын айтымында, сүйлөшүүлөргө «Пригожин менен 20 жылдан ашуун убактан бери жеке тааныштыгы бар» беларус лидери Александр Лукашенко катышкан. «Куралдуу козголоң» боюнча кылмыш иши эмненин негизинде жабыларын Песков айткан жок. Анын айтымында, Пригожин «Беларуска кетет».

Буга чейин “Вагнердин” жалданма жоочулары Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москва тарапты көздөй багыт алышканы кабарланып жаткан. Алардын лидери Евгений Пригожин Украинадагы ийгиликсиз согуш үчүн коррупциялашкан, компетентсиз командирлерди айтыптап, аларды алуу максатын көздөп жатканын билдирген.

Орус президенти Владимир Путин «Вагнердин» аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөп, Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке амбициясынан улам Орусияга чыккынчылык кылды» деп айыптаган. Бир катар өлкөлөр Орусиядагы кырдаалга көз салып турат.

Булак Азаттык

Количество просмотров: 112