• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Вебкам ишмердигин кылмышка теңеген мыйзам долбоору ЖКда колдоо тапты

26 Кулжа 2024 14:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда вебкам ишмердигин кылмышка теңеп, аны уюштургандарды жоопкерчиликке тарткан мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Депутаттар тобу буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесин («Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү») “Атайын аянтчаны (веб-камера студиясын) пайдалануу менен интернетте онлайн сойкулукту жана бузукулукту уюштуруу жана жайылтуу” деген пункт менен толуктоону сунуштап, мыйзам долбоорун талкууга алып чыгышкан.

Демилгечилердин бири вице-спикер Нурбек Азыгалиев май айында баяндама жасаганга веб-камера аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүнү онлайн режимдеги жаңы кылмыш деп сыпаттаган.

Ал аталган мыйзам долбоору адам сатуудан жабыркагандарды жана бул кызматка мажбурлангандарды коргоо үчүн зарылдыгын белгиледи.

Мыйзам долбоорунда вебкам бизнеси менен алектенгендерди бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратуу, айып салуу жазасын берүү сунушталып жатат.

Количество просмотров: 68