• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Владимир Путин Орусиянын АКШдагы элчисин дайындады

6 Жалган куран 202517:59 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Түндүк Атлантика департаментинин директору Александр Дарчиев Россия Федерациясынын АКШдагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Владимир Путин кол койду.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, өткөн аптада АКШ жаңы элчи болуп Александр Дарчиевдин дайындалышына макул болгон.

Белгилей кетсек, Орусиянын Вашингтондогу дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн резиденциясы алты ай бою башы жок болчу.

Александр Дарчиев 64 жашта. Буга чейин 2014-2021-жылдары Канададагы элчи, 2021-жылдын январынан тарта Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Түндүк Америка департаментинин директору болуп иштеген. Ал ошондой эле Вашингтондогу орус дипломатиялык өкүлчүлүгүндө он жылдай иштеген, 2005-жылдан бери — министр-кеңешчи даражасы бар. Ал 1992-жылдан бери дипломатиялык кызматта иштеп, англис жана француз тилдерин билет.

Количество просмотров: 296