• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Владимир Путин Садыр Жапаровду шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктады

3 Бештин айы 2021 23:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелеринин эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктеги төрагалыгын эске алуу менен евразиялык мейкиндикте өз ара аркеттенүүнү өрчүтүүнү талкуулашты. 

Сүйлөшүү жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров ошондой эле  кесиптешине Кыргызстанда өлкө Конституциясына жана эл аралык ченемдерге толук ылайык, элдин эрки менен өткөн парламенттик шайлоолор тууралуу айтып берди.

Ал орус тарапка шайлоолорго байкоочу катары активдүү катышкандыгы үчүн, Россия аймагында кыргызстандыктардын добуш берүүсүн уюштуруудагы көмөгү үчүн, ошондой эле шайлоолорду өткөрүүдөгү орус тараптын жогорку баасы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өлкөдөгү туруктуулук жана жагымдуу коомдук-саясий кырдаал кыргыз-орус кызматташтыгынын мындан аркы көп пландуу ырааттуу өнүгүүсүнө бекем пайдубал катары кызмат кылат» — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге Россия тараптын коронавирус инфекциясынын жайылышына жана анын кесепеттерине каршы күрөштө үзгүлтүксүз көрсөткөн колдоосу, анын ичинде «Спутник-лайт»  вакциналарынын кезектеги партиясын жеткирүүсүнө жана эки өлкөнүн ортосундагы кошумча аба каттамдарын уюштуруусуна ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Владимир Путин Садыр Жапаровду шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап жана Кыргызстандын элинин бакубаттуулугу үчүн өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн каалады.

Учурдан пайдаланып Владимир Путин дагы Садыр Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өлкө лидерлери тараптар ортосундагы активдүү диалогду союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде улантууга келишишти.

Количество просмотров: 362