• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Владимир Соловьёвду Кыргызстанда «персона нон грата» деп жарыялоо сунушталды

13 Үчтүн айы 202617:26 Бишкек Govori.TV

Депутат Дастан Бекешев орусиялык теле алып баруучу Владимир Соловьевдун талаштуу пикири тууралуу комменарий берип, аны Кыргызстандагы персона нон грата деп жарыялоо керектигин айтты.

Бекешев Тышкы иштер министрлиги буга реакция кылышы керек дейт.

«Биздин Тышкы иштер министрлигибиз дагы реакция кылышы керек, сөзсүз элчини чакырып айтышы керек. Мейли, менчик телеканал болсо башкача чара көрсө болот. Бул жөнөкөй эмес, мамлекеттик канал болуп жатат. Ошондуктан, сөзсүз реакция жасаш керек, кеерк болсо ушундай кишилерди «персона нон-грата» катары өлкөгө кирүүсүнө тыюу салыш керек», — деген депутат.

Белгилей кетсек, сөз Кремлдин пропагандычысы катары белгилүү болгон теле алып баруучунун «Владимир Соловьёв менен кеч» аттуу автордук программасы тууралуу болуп жатат. Эфирде Соловьёв согуш Украинадан тышкары аймактарга да жайылышы мүмкүн экенин айтып, Борбор Азия менен Арменияны атаган.

Количество просмотров: 278