АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө камынууда. Мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатканын The Washington Post басылмасы жагдайдан кабардар аткаминерлерге таянып 18-июлда жазды.
Макалада америкалык жана европалык дипломаттардын Кыргызстанга жасаган сапарлары жыйынтык бербегени, мындан улам Вашингтон ушул аптада экономикалык чараларды кабыл алары белгиленген.
Басылма Кыргызстандан Орусияга ташылып бараткан кытайлык 14 DJI Agras T30 учкучсуз учактарынын партиясынын Казакстанда кармалганына токтолгон. Казакстандын бажысы жеткирүүчүнүн жүгү тиешелүү документтери жок экенин билдирген.
The Washington Post басылмасынын макаласында Кыргызстандын Орусияга экспортунун жалпы көлөмү Москва Украинага кол салгандан кийин 250% өскөнү көрсөтүлөт. Америкалык жогорку даражалуу аткаминердин айтымында, тыюу салынган товарларды алган орусиялык фирмалар Орусиянын коргонуу өнөр жайынын белгилүү жеткирүүчүлөрү болгон.
Кыргызстандын Вашингтондогу элчилиги басылмага комментарий берип, өлкөнүн бийлиги эл аралык эрежелерди сактай турганын, аткезчиликти жана мыйзамсыз сооданы токтотууга дилгир экенин билдирген. Ошондой эле кыргыз элчилиги айрым сын көз караштагылар «реалдуу экономикалык контекстти» көз жаздымда калтырып жатканын белгилеп, Орусия менен Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрү экенин, миллиондон ашык кыргыз жараны Орусияда иштеп жүргөнүн кошумчалаган.
Жакында АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери The Diplomat басылмасына берген интервьюда санкция темасына токтолгон. Дипломат Кыргызстанды жазалоо максат эмес экенин, болгону өлкө санкцияны кыйгап өтүүчү жерге айланбашы керектигин айтып, андай болсо, аброюна көлөкө түшөрүн түшүндүрүү зарыл деп эсептейт. Вигери бул жагынан кыргыз тараптан айрым аракеттер байкалганын кошумчалаган.
Булак: Азаттык.