• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

WhatsApp сырга бекем эмес

12 Үчтүн айы 2018 14:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.01.2017.Govori.TV

Криптография тармагын чемичкедей чаккан немис окумуштуулары WhatsApp аркылуу жазышууда анонимдүүлүккө кепилдик жок экенин аныктап чыгышты. Бул боюнча, The Wired басылмасы жазып чыккан. Андагы маалыматтарга караганда, аталган тармактын серверине кирүү мүмкүнчүлугү бар колдонуучулары чаттагы башка каалаган адамдын баракчасына администратордун уруксаты жок эле “ууруга” кирип барып, жаңы юзерди кошуу менен кийинки жазышууларды окуй берет экен. Буга чейин болсо WhatsAppты жаратуучулар андагы жазылып жаткан маалыматтар серверде эмес ошол колдонуучулардын кол телефонунда гана сакталгандыктан, аны башка бирөөлөрдүн кирип окушуна жол жок деп ишендирип келишкен. Ошондо эми тармактын серверине кимдер кире алат? Бул соболго басылма “WhatsApp тармагына ээлик кылган Facebook компаниясынын өкүлдөрү, өкмөт жана компьютердин ичегисин аңтарган кыйын хаккерлер кире алат” деп жооп берет.

Ал эми бул жаңылыкка жогорудагы компаниянын коопсуздук кызматынын башчысы кыскача гана “Серверге кошулган жаңы колдонуучу тууралуу тармактагыларга кабар берилет. Андан кийин ал жазышууну улантабы, койобу, өзү чечет” деп жооп берген. Ошентип, эми коомчулуктун ишенген жалгыз байланыш тармагы WhatsApp да тоталдык көзөмөл алдында калды десек болот…

Количество просмотров: 18