• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Яндекс» компаниясы: Нааразы болгон айдоочулар бизде иштебейт

17 Бирдин айы 2021 9:25 Бишкек Govori.TV

«Яндекс» компаниясы 16-февраль күнү нааразычылык акциясына чыккан айдоочулар боюнча билдирүү таратты.

«Буга чейин айдоочулардын бири да бизге мындай талап менен кайрылган эмес. Митингге чыккан бир канча айдоочунун номерин текшерип көргөнүбүздө, алардын бизге тиешеси жок экени, биздин тапшырыктарды аткарбай турганы аныкталды. Компания кадимки режимде иштеп жатат. Айдоочулар күндөлүк тартип менен каттамдарга чыгууда», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 16-февралда «Яндекс» компаниясына нааразы болгон айдоочулар митингге чыгышкан.

Количество просмотров: 72