• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Яндекс Таксини» жабуу маселеси көтөрүлдү

21 Аяк оона 2021 14:22 Бишкек Govori.TV

Орусиялык «Яндекс» маалыматтык-технологиялык компаниясынын такси кызматын салык төлөтүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов парламенттин тармактык комитетинин 21-сентябрдагы жыйынында айтты.

Анын айтымында, «Яндекс» Кыргызстанда катталган эмес, ал эч кандай салыктарды төлөбөйт.

«Казакстанда соттун чечими менен Орусиялык «Яндекс» маалыматтык-технологиялык компаниясынын такси кызматынын иштешине тыюу салынды. Себеби салык төлөбөйт. Аталган кызмат Кыргызстандан миллиондорду алып чыгып кетип жатат. Бул жактан өкүлчүлүгүн ачпаса, жабылышы керек. Мен бул маселени төрт жылдан бери айтып келе жатам. Салык кызматына канча жолу кат жаздым. Компания бир тыйын салык төлөбөйт. Уюлдук тиркемеси менен 5 миңден ашык кыргызстандык жаранды иштетет, алар үчүн салык төлөтсөк, миллиард сомго чыгып кетет. Алар башка таксилерди кысымга алышат. Ошол эле учурда тарифтерди негизсиз көтөрүшөт, эл кыйналып жатат. Мамлекеттик монополияга каршы агенттик бул маселени өз көзөмөлүнө алышы керек. Баалар элге жеткиликтүү болушу керек. Туура, тиркемеси жарандар үчүн ыңгайлуу, бирок компанияга салык төлөтүү керек»,— деди Улукбек Ормонов.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Акыл Кемелов «Яндекс» кызматына байланыштуу чечкиндүү кадамдарга баруу керектигин кошумчалады.

«Мамлекетке салык төлөбөсө, анын ишмердүүлүгүн токтотууда чечкиндүү кадамдарга барыш керек»,-деди ал.

Догоев аталган компания менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтты.

«Алар айдоочулар колдонгон тиркемеге катталуунун алдында айдоочулардан электрондук патентти талап кылган функцияны кошууга макул болушту. Эгер таксисттердин электрондук патенти жок болсо, «Яндекс» тиркемеси менен иштей албайт. Компания ушундай система менен иштөөгө даяр экенин билдирди. Салык кызматында «электрондук патент» системасы бар, патенттер берилип жатат. Биз аны «Түндүк» порталы менен байланыштырабыз жана «Яндекстин» таксисттери электрондук патент ала алышат», — деди Догоев.

Количество просмотров: 168